20 жыл мурун чыккан белгисиз мультфильм каарманы Кыргызстандын соцтармактарын багындырды
Май айынын башынан тарта социалдык тармактарда тынчсызданган жүзү менен айырмаланган толмоч мурутчан адамдын сүрөтү кеңири тарай баштады. Көпчүлүк колдонуучулар анын жүзүнөн өздөрүнүн эмоцияларын көрүшүп, каарман бат эле жаңы мемге айланды.
Чоң ачылган көздөрү менен таң калуу жана тынчсыздануу аралашкан сезимди чагылдырган каарман ар кандай кырдаалдарга реакция катары колдонулуп, өзгөчө Threads платформасында популярдуулукка жетишти. Интернет колдонуучулары анын ар кандай версияларын жаратып, көйнөк кийгизип, ноутбуктун алдында отургузуп же ар түрдүү кесиптин өкүлү катары сүрөттөп чыгышкан. Бирок каармандын жүзүндөгү ошол эле таң калган мимика өзгөрүүсүз калган.
Кийинчерээк бул сүрөт 2006-жылы чыккан "Дом-монстр" мультфильминен алынганы аныкталды. Мемдин башкы каарманы – Режинальд Скуллинский аттуу каарман. Ал мультфильмде башкы каармандар жардам сурап кайрылган адам катары белгилүү.
Бирок интернетке тараган сүрөт тасмадагы оригиналдуу кадр эмес экени айтылууда. Болжол боюнча, каармандын жүзү жасалма интеллекттин жардамы менен өзгөртүлүп, андан соң социалдык тармактар аркылуу кеңири жайылып кеткен.
Бүгүнкү күндө "таң калган адам" меми жаңылыктарга, күнүмдүк турмушка жана ар кандай күлкүлүү окуяларга байланышкан посттордо эң көп колдонулган интернет каармандарынын бирине айланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















