super.kg logo

Ядролук куралга кайсы өлкө канча каражат жумшоодо?  

 

Ядролук куралдарды жоюу боюнча эл аралык уюмдун 2025-жылдагы баяндамасына ылайык, дүйнөдөгү 9 ядролук держава өткөн жылы өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга жана сактоого жалпысынан 119 миллиард доллар короткон.

Маалыматка ылайык, эң ири чыгымды АКШ жасаган. Өлкө 2025-жылы ядролук куралга 69,2 миллиард доллар бөлгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп. АКШнын бул чыгымы башка өлкөлөрдүн жалпы чыгымынан да жогору болгон.

Экинчи орунда Кытай турат. Ал ядролук куралга 13,5 миллиард доллар сарптап, чыгымын 7 пайызга көбөйткөн.

Улуу Британиянын бул багыттагы чыгымы боюнча Орусиядан ашып өткөн. Британия ядролук куралга 12,6 миллиард доллар бөлүп, чыгымын 17 пайызга көбөйткөн.

Ал эми Орусиянын ядролук куралга кеткен чыгымы 9,5 миллиард долларды түзүп, бул мурунку жылга салыштырмалуу 6 пайызга көп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: