Иран бийлиги Кешм аралындагы жардыруулар тууралуу маалыматты четке какты
Ирандын түштүгүндөгү Кешм аралында жардыруу болгон эмес. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы билдирген.
Билдирүүдө: “Кешм аралында эч кандай жардыруу болгон жок. Угулган жардыруу үндөрү аралдагы окуяларга байланыштуу эмес”,- деп айтылат.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер Apache тик учагына жасалган чабуулга жооп катары Ирандагы буталарга сокку урууну аяктаганын билдирген.
АКШ менен Израил 28-февралда Иран аймагындагы объекттерге сокку урууну баштаган. Маалыматтарга ылайык, бул аракеттердин натыйжасында 3 миңден ашуун адам каза болгон.
8-апрелде Вашингтон менен Тегеран ок атышууну токтотуу жөнүндө жарыялашкан. Бул келишим азыркыга чейин расмий түрдө күчүндө калууда.
Ошол эле учурда Иран менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда. Тараптар өз ара түшүнүшүү боюнча алкактык меморандумдун шарттарын макулдашууга аракет кылып жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















