Кувейт аба мейкиндигин убактылуу жапты
"Al Jazeera" телеканалы Кувейт аба мейкиндигин убактылуу жапканын кабарлады.
"Кувейттин Жарандык авиация башкармалыгы өлкөнүн аба мейкиндигин Жакынкы Чыгштагы соңку кырдаалга байланыштуу сактык чарасы катары убактылуу жапканын жарыялады",- деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
Маалыматка ылайык, бардык аба каттамдар альтернативдүү аэропортторго багытталат.
Кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранды сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатат деп айыптап, АКШ Иранга каршы ири масштабдагы сокку урууну көздөп жатканын билдирген.
11-июнга караган түнү АКШнын Борбордук командачылыгы Иранга соккулар башталганын маалымдаган. Ал эми Ирандын "Tasnim" агенттиги аскердик булакка таянып, эгер АКШнын куралдуу күчтөрү чабуул жасаса, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык объекттерге сокку урарын кабарлаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















