Путин чет өлкөгө кеткен орусиялыктардын мүлкүн камакка алуу тууралуу мыйзамга кол койду
Чет өлкөдө жүргөн орусиялыктар мамлекетке каршы деп эсептелген айрым аракеттери үчүн административдик жоопко тартылышы мүмкүн. Мындай мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, мындай аракеттерге бийликти же армияны сындаган сөздөр, санкцияларды колдоого чакыруу жана башка ушуга окшош билдирүүлөр кирет. Ошондой эле айып пул төлөнгөнчө алардын мүлкү жана банктагы акчалары камакка алынышы мүмкүн экени кошумчаланды маалыматта.
Путин кол койгон мыйзам 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:52
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















