super.kg logo

Кремль Иран жаңжалындагы тараптарды сүйлөшүүгө чакырды

 

Кремль Ирандагы жаңжалдын катышуучуларын кайрадан сүйлөшүү жолуна кайтууга үндөдү. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, кырдаалды жөнгө салуунун эң туура жолу - дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу жана чыңалууну күчөтпөө.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранды сүйлөшүүлөрдү создуктурууда деп айыптап, Иранга каршы ири масштабдагы аскердик операция жүргүзүлөрүн билдирген. Пентагондун Борбордук командачылыгы АКШ күчтөрү Ирандагы буталарга сокку урууну баштаганын маалымдаган. Өз кезегинде Тегеран АКШнын аскердик базаларына жооп иретинде сокку урган.

Кремль тараптарды чыңалууну күчөтпөөгө жана маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: