Трамп Иранга чектелген сандагы аскер жөнөтүлүшү мүмкүн экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга чектелген сандагы аскер кызматкерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
Ал Fox News телеканалына берген маегинде АКШ кааласа Иранга аскерлерди тез арада жөнөтө аларын билдирген.
“Биз ал жакка эртең эле бара алабыз. Аскерлерди жөнөтө алабыз. Мен аскер жөнөтүүнү каалабайм, бирок кааласам, чакан гана топтогу аскерлерди жөнөтүп, ал жакта баарын көзөмөлгө ала алмакпыз”, - деген Трамп.
Ошол эле учурда АКШ президенти учурда аскердик күч колдонууга кызыкдар эмес экенин белгилеп, бул мүмкүнчүлүк тууралуу гана сөз кылган.
Трамптын билдирүүсү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп турган маалда жасалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:52
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















