Volkswagen Германияда 19 миң кызматкерин кыскартат
Германиянын ири автоөндүрүүчүсү Volkswagen 2026-жылдын аягына чейин өлкөдөгү ишканаларында 19 миң жумуш ордун кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Оливер Блюме акционерлердин жыйынында билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кызматкерлердин санын кыскартуу компаниянын чыгымдарды азайтуу жана ишмердүүлүктү оптималдаштыруу программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Volkswagen 2030-жылга чейин Германиядагы штаттык бирдиктерди 28 миңден ашык кызматкерге кыскартуу боюнча милдеттүү планды буга чейин эле бекиткен.
Мындай чараларды Германиянын башка ири өнөр жай ишканалары да көрүүдө. Алардын катарында Mercedes-Benz, Bosch, ZF Friedrichshafen жана Mahle сыяктуу компаниялар бар.
Эксперттердин баамында, автоөнөр жайындагы трансформация, электр унааларына өтүү жана чыгымдардын өсүшү европалык өндүрүүчүлөрдү штаттарды кыскартууга мажбурлоодо.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















