Бишкекте оюнчук курал көтөрүп мушташкан шектүүлөр кармалышты (видео)
Бишкекте мушташууга шектелип үч жигит кармалды.
Октябрь райондук милициясы билдиргендей, бүгүн, 12-июнда саат 00:59да "102" кызматына Валиханов көчөсүндө жайгашкан турак жайда жарандардын мушташып жатканы боюнча кабар түшкөн. Алардын биринин колунда курал бар экени маалымдалды.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, маалымат тастыкталды. Натыйжада 1998-жылы туулган С.Т., 1999-жылы туулган Т.К. жана 1998-жылы туулган А.С. аттуу жарандар кармалышты. Аларга Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, видеожазууда көрүнгөн жана куралга окшош болгон буюм милиция кызматкерлери тарабынан алынып, ал оюнчук курал экени аныкталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















