Кызыл-Кыядагы окуучунун өлүмү: Эки милиция кызматкери кармалды
Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы жаңжалдан каза тапкан өспүрүмдүн иши боюнча эки милиция кызматкери жана дагы эки өсүрүм кармалганы белгилүү болду. Маалыматты SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева ырастады.
Анын айтымында, эки өспүрүм мурда кармалган баланын көрсөтмөсү менен камакка алынган. Шектүү көрсөтмөсүндө каза болгон окуучуну эки шериги да урганын айткан. Жактоочу ал эми милиция кызматкерлери кайсы берене менен кармалышканы тууралуу так маалымат ала электигин кошумчалады.
Айта кетсек, 27-майда болгон окуядан кийин 16 жаштагы бала Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү менен этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү) менен кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















