super.kg logo

DemirBank менен ЕРӨБ жашыл жана соода каржылоосу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

 

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен 25 миллион АКШ долларына чейинки суммада жаңы финансылык макулдашууга кол койгонун кубануу менен кабарлайт.

Жаңы каржылоо пакети Кыргыз Республикасынын Жашыл экономиканы каржылоо программасынын (KyrSEFF III) алкагында 20 миллион АКШ долларын камтыйт. Бул программа жашыл насыя берүүнү колдоого, климаттык туруктуулукту, энергияны үнөмдөөчүлүктү жогорулатууга, булганууну азайтууга, суу ресурстарын туруктуу пайдаланууга, ошондой эле бизнестин жана үй чарбаларынын экологиялык жактан жоопкерчиликтүү инвестицияларына багытталган.

Мындан тышкары, ЕРӨБ Сооданы өнүктүрүү программасынын алкагында ДемирБанктын сооданы каржылоо лимитин 5 миллион АКШ долларга чейин көбөйтөт. Бул ата мекендик компанияларга керектүү товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жабдууларды импорттоого, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Бул Макулдашуу 1997-жылы башталган ЕРӨБ менен болгон узак мөөнөттүү өнөктөштүгүбүздүн дагы бир маанилүү этабы болуп саналат, ошол учурда ДемирБанк Кыргыз Республикасындагы биринчи эл аралык катышуусу жана чет элдик капиталы бар банк болгон.

Бул келишим ЕРӨбдүн Кыргыз Республикасынын экономикасынын келечегине, өлкөнүн саясий жана экономикалык туруктуулугуна, ошондой эле жергиликтүү бизнестин узак мөөнөттүү өсүү потенциалына болгон ишенимин дагы бир жолу тастыктайт.

«ДемирБанкта биз Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүн колдоого, ата мекендик бизнестин өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өлкөдө жашыл инновацияларды жайылтууга умтулабыз.

Ошондой эле, биз урматтуу кардарларыбыздын баарына чын дилден ыраазычылык билдиребиз. Биргеликте биз Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп, бизнестин жана инвестициялардын өсүшүн колдоп, ошондой эле өлкө боюнча жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам беребиз.»

ДемирБанк ЕРӨБгө көрсөткөн туруктуу ишеними жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирет.

ДемирБанк – Сиздин жашооңуз үчүн Банк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: