Февралда каза тапкан Али Хаменеи качан жерге берилет?
Ирандын мурдагы Жогорку лидери Али Хаменеинин коштошуу жана жерге берүү зыйнаты 4-июлдан 9-июлга чейин өтөт. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик IRIB телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, коштошуу зыйнаты 4-5-жана 6-июлда Тегеранда, 7-июлда Кумда болсо, жерге берүү зыйнаты 9-июлда Мешхедде, тагыраагы, Али Хаменеинин кичи мекенинде өтөт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты март айына өтмөк. Бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам кийинкиге жылдырылган.
Эске салсак, Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин аба соккуларынан каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















