АКШ башка планеталыктардын маалыматтарынын үчүнчү жыйнагын жарыялады
АКШнын Коргоо министрлиги өзүнүн веб-сайтында белгисиз аномалиялык кубулуштар боюнча жашыруун эмес маалыматтардын үчүнчү жыйнагын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтар WAR.GOV/UFO веб-сайтына чыгарылып келет. Веб-сайт 8-майда ишке киргизилгенден бери дүйнө жүзү боюнча 1,7 миллиарддан ашык кирүүлөр катталган.
Мурунку чыгарган маалыматтардай эле бул жолкусунда дагы АКШ өкмөтү башка планеталыктардын маалыматтары жерден тышкаркы жашоонун бар экенин көрсөтүп турат деп эсептейби же жокпу деген так тыянактар жок.
Мурда жашыруун деп эсептелген маалыматтарды жарыялоо боюнча ведомстволор аралык долбоорго Ак үй, Улуттук чалгындоо директорунун кеңсеси, НАСА жана башка агенттиктер катышат. Бул жарыялоо долбооруна АКШнын президент Дональд Трамп буйрук берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















