Зеленский Путиндин рейтингин көрсөткөн сүрөт жарыялады
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путиндин рейтинги болжолдонгон сүрөт жарыялады. Анын айтымында, бул маалыматтар Украинанын Чалгындоо кызматы тарабынан алынган.
"Орусиялыктардын Путинге болгон нааразычылыгынын болжолдуу көрсөткүчтөрү туруктуу түрдө өсө берет жана ал нааразычылыктын өсүшү токтобойт", - деп жазды Зеленский соцтармактагы баракчасына.
Украина лидери ошондой эле Орусияда парламенттик шайлоолор белгиленген сентябрь айына карата башкаруучу "Бирдиктүү Орусия" партиясынын колдоо көрсөткүчтөрүн жана анын рейтингдерин жарыялаган.
"Туруктуу төмөндөө тенденциясы катталууда. Орусиянын аймактарында нааразычылык маанайынын олуттуу жогорулаганы да кабарланууда", - деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















