Швейцария калктын санын чектөө боюнча референдум өткөрүүдө
Бүгүн, 14-июнда Швейцария калктын санын 10 миллиондон төмөн кармоо боюнча референдум өткөрүүдө. Чет элдик басылмалардын жазгандарына караганда, швейцариялыктар муну колдошсо, анда айтылган сан 2050-жылга чейин сакталууга тийиш болот.
Мындай демилге парламенттеги эң көп орунду, 200 орундун 62син, ээлеген оңчул консервативдүү Швейцария Элдик партиясына таандык. Партия муну турак жайга, мамлекеттик кызматтарга жана айлана-чөйрөгө жүктөмдү азайтууга багытталган "туруктуулук демилгеси" деп атаган.
Бардык башка ири партиялар, өкмөт өкүлдөрү, бизнес лидерлери жана профсоюздар бул сунушка каршы чыгышып, аны "башаламандык демилгеси" деп аташууда. Алардын айтымында, бул ооруканаларды жана мейманканаларды кызматкерлерден ажыратып, Европа Биримдиги менен мамилелерге доо кетирип, Швейцарияны обочолонтуп коюшу мүмкүн.
Учурда өлкөдө болжол менен 9,1 миллион калк жашайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















