super.kg logo

MEGA интернет, катталуу жана бонустар менен "Абсолюттук" тарифин ишке киргизди

 

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору ар дайым онлайн режиминде болгон, санариптик кызматтарды активдүү колдонгон, кино көргөн, мобилдик оюндарды ойногон жана чектөөсүз баарлашкан жаштар үчүн атайын иштелип чыккан жаңы "Абсолюттук" тарифин ишке киргизди.

Жаңы тариф заманбап колдонуучу үчүн маанилүү болгон нерселердин баарын: чексиз интернет, байланыш, көңүл ачуу жана популярдуу жазылууларды бир сунушта бириктирет. Эми абоненттер бир нече кызматтарга өзүнчө катталбастан, сүйүктүү кызматтарын бир тарифте колдонууга шарт түзөт.

Тариф 28 күн бою жарактуу жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Чектөөсүз интернет
  • MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар
  • Beeline номерлерине 67 мүнөт жана O! номерлерине 67 мүнөт
  • MegaTV'де 200 телеканал
  • Wi-Fi акысыз таратуу

"Абсолюттук" кызматынын негизги өзгөчөлүгү − кеңири суроо-талапка ээ болгон санариптик кызматтардан жана жазылуулардан турган үч кошумча опция тандоо мүмкүнчүлүгү:

  • Sun Rent самокаттарына акысыз старт + атайын тариф
  • "Твой заряд" − 2 сааттан 10 акысыз төлөм
  • GameBoost − Популярдуу оюндардагы минималдуу пинг
  • SocialBoost − Социалдык тармактар ​​үчүн артыкчылыктуу трафик
  • MegaGG − Популярдуу оюндардын турнирлерине катышуу
  • Яндекс Плюс
  • Этномедиа онлайн -кинотеатры
  • Start онлайн-кинотеатры
  • Wink онлайн-кинотеатры
  • Megogo онлайн-кинотеатры

MegaPay колдонмосу аркылуу кошуп алган кызматтарыңызды башкарып, тандалган опцияларды өзгөртө аласыз.

Тарифтин баасы алгачкы алты эсептөө мезгили үчүн 500 сомдон, андан кийин, жазылуу акысы 28 күн үчүн 670 сомду түзөт.

Жаңы абоненттер үчүн кошумча бонус – «Абсолюттук» тарифи менен SIM-карта сатып алууда «Күмүш» же «Атайын күмүш» категориясындагы номерин акысыз тандоо мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле, 888 кодунан тышкары башка бардык коддордогу "Алтын", "Атайын алтын", "Платина 7500" жана "Платина 15000" номерлерине 50% арзандатуу берилет.

MEGA «Абсолюттук» негизинен жаш жана активдүү колдонуучуларга багытталганын белгилейт, смартфон алар үчүн байланыш, окуу, жумуш жана көңүл ачуу үчүн негизги курал болуп саналат. Жаңы тариф санариптик кызматтардын топтомун түзүп алууга жана бир жазылуудан максималдуу пайда алууга шарт түзөт.

КРнын МБА лицензиялары: № 14-1133-KR, № 18-0326-KR, № 18-0303-KR, № 15-1446-KR, № 16-0090-KR, № 18-0261-KR






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: