Кадамжайда 5 миллион сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Баткен облусунун Кадамжай районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 15-июнда облусттун милициясынан билдиришти.Маалымдалгандай, милицияга аталган райондун 27 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылы М.Ш. аттуу жаран анын 5 унаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткенин жана 3 миллион 510 миң сом акча каражатын алдоо жолу менен алганын билдирген. Жалпысынан жабырлануучуга 5 миллион 295 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында М.Ш. аттуу Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:14
2026-06-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















