Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумга кол коюлганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум толугу менен макулдашылып, кол коюлганын билдирди.
Ал бул тууралуу француз президенти менен жолугушуу учурунда айтып, документке кандай тартипте кол коюлганын тактаган жок.
Трамптын айтымында, меморандумдун шарттары жакын арада жарыяланат. Эгер Тегеран өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарса, АКШ Иранга каршы санкцияларды акырындык менен алып сала баштайт.
Ошондой эле ал учурда Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы жарым-жартылай жанданганын, ал эми жума күнү толук кандуу калыбына келтирилерин билдирди.
Буга чейин АКШ менен Иран меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын жарыялашкан. Маалыматка ылайык, келишимге расмий кол коюу 19-июнда Швейцариянын Женева шаарында өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















