Британияда 16 жашка чейинкилерге социалдык тармактарды чектөө сунушталды
Улуу Британиянын премьер-министри Kир Стармер 16 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салууну сунуштады. Демилге TikTok, Instagram, Snapchat, YouTube, Facebook жана X платформаларын камтыйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жаңы эрежелер өспүрүмдөрдү интернеттеги зыяндуу контенттен, киберкоркутуудан жана кооптуу байланыштардан коргоого багытталган. Ошол эле учурда WhatsApp жана Signal мессенжерлери чектөөлөргө кирбейт.
Демилге ата-энелер жана саясатчылар тарабынан колдоого алынганы менен, айрым адистер анын натыйжалуулугу боюнча күмөн санап жатышат. Стармер мындай чектөөлөрдү ишке ашыруу оңой болбой турганын да белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:06
2026-06-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















