Иран Ормуз кысыгынан беш кеме өткөнүн билдирди
Ирандын кемелери Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы келишимден кийин Ормуз кысыгындагы АКШ блокадасынын аймагынан тоскоолдуксуз өтө баштады. Бул тууралуу 15-июнда Tasnim агенттиги билдирди.
"Үч мунай танкери жана эң керектүү товарларды ташыган эки кеме деңиз блокадасынан өттү", - деп айтылат агенттиктин Telegram каналындагы билдирүүсүндө.
Жалпысынан беш кеме аймактан тоскоолдуксуз өткөн. Азырынча бул маалымат боюнча АКШ тарап расмий комментарий бере элек.
Буга чейин Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ менен Ирандын өкүлдөрү 19-июнда Швейцарияда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коё турганын маалымдаган.
АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун негизги максаты — согуштук аракеттерди токтотуу. Ал эми Ирандын өзөктүк программасынын келечеги сыяктуу эң талаштуу маселелер кийинки сүйлөшүүлөрдүн этаптарында талкууланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















