super.kg logo

Трамп АКШ Ирандан кийин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга көңүл бурарын билдирди

 

АКШ Иран менен болгон согуштук аракеттер аяктагандан кийин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга көңүл бурат. Бул тууралуу АКШ лидери Дональд Трамп Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушууда айткан.

"Эми (ред.: Иран менен болгон жаңжал аяктагандан кийин) биз (ред.: Украина маселесине) көңүл бурабыз, муну ишке ашыра алабызбы, көрөбүз", - деген Трамп.

Ошондой эле Трамп жакында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кошумчалаган.

"Менимче, балким, кандайдыр бир жыйынтыкка жетише алабыз. Экөө тең (ред., жаңжалды чечүүгө) даярдай көрүнөт", - деген ал.

Путин менен Трамп 14-июнда, америкалык президенттин туулган күнүндө телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анын жыйынтыгында тараптар АКШ президентинин атайын өкүлдөрүнүн Москвага сапарын макулдашышкан. Ошондой эле Трамп тынчтыкка жетишүү үчүн Украинага жана Европа Биримдигине таасир этүүгө даяр экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: