"Бала ырысы" жөлөк пулуна арызды Түндүктөн берүүгө болот
"Бала ырысы" жөлөк пулуна арызды 1-июлдан тартып электрондук форматта Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу берүүгө болот.Эмгек министрлиги маалымдагандай, арыздарды факты жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча тапшыруу мүмкүнчүлүгү да каралган. Жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим арыз катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Ал эми арыз Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, төлөмдү дайындоо 1 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Арыз берүү үчүн санарип форматында төмөнкү документтер талап кылынат:
- Арыз ээсинин паспорту;
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн);
- Факты жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери тууралуу маалымат.
- Жөлөкпулду которуу үчүн банк эсеби.
Буга чейин министрлер кабинети "Бала ырысы" жөлөк пулун дайындоо тартиби боюнча жобону бекиткен. Ага ылайык, 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:47
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















