super.kg logo

Жылнаама: 1963 -жылы биринчи аял космонавт Валентина Терешкова космоско учкан

 

Биринчи аял космонавт Валентина Терешкова 16-июнда советтик “Восток-6” кемеси менен космоско учуп, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулган. Терешкованын шарттуу ысымы "Чайка" ("Ак чардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.

Советтер Союзунун баатыры, биринчи аял-космонавт, генерал-майор, коомдук ишмер Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большон Масленниково кыштагында келгин белорустун үй-бүлөсүндө туулган.
1955-1960-жылдары Ярославл жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуп, 1959-жылдан тартып Валентина Терешкова Ярославлда парашют спорту менен алектене баштаган. Ошол эле учурда текстил ишканасында жумушчу болуп иштеген. Ал 1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталган.
16-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: