Трамп: "Израилдин Ливанга кол салуусу Иран менен келишимге таасир этпейт"
Израилдин Ливандагы Хезболлага каршы операциясы АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге таасир этпейт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп G7 саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айткан.
Журналист Трампка "Эгер Израил Ливанга сокку урууну улантса, Иран менен түзүлгөн келишим сакталабы?" деген собол узаткан.
АКШ лидери жообунда Вашингтон менен Тегерандын келишимине бул таасир этпей турганын белгилеген. Ошондой эле Трамп Израилдин Ливандагы операциясы өтө узакка созулуп кеткенине нааразы болгон.
"Алар бул маселени тезирээк чечиши керек эле. Мунун баары чексиз уланып жатат", — деген ал.
Акыркы жолу Израилдин Коргоо армиясы 14-июнда Хезболлага каршы соккулар тууралуу маалымат берген. Буга чейин Трамп бул чабуулдарды сынга алып, Израилди Ливандагы соккуларды токтотууга чакырган. Анын пикиринде, мындай аракеттер Иран менен түзүлгөн келишимге коркунуч жаратышы мүмкүн болчу.
Ал эми Тегеран менен Вашингтон 15-июнга караган түнү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















