АКШ менен Ирандын меморандумуна Швейцарияда кол коюлат
Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Николя Бидонун маалыматына ылайык, АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумга 19-июнда Швейцариянын Нидвальден кантонундагы Бюргеншток аймагында кол коюу пландалууда.
Анын айтымында, жолугушуу өтө турган жер Пакистан жана Катар ортомчулары, ошондой эле АКШ менен Иран тарабынан сунушталган.
Бидо белгилегендей, Швейцария бул процессте ортомчу катары катышып, жолугушууну өткөрүү үчүн зарыл болгон практикалык жана дипломатиялык шарттарды түзүп берүүдө.
Меморандумга кол коюу АКШ менен Ирандын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу багытындагы маанилүү кадам катары бааланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:45
2026-06-16
12:42
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















