super.kg logo

"Менин бийлигимдин чеги жок”. Трамп Иран менен болгон согуштун жыйынтыгын чыгарды

 

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен болгон согуштан кийин өз бийлигинин чеги жоктой сезилерин билдирди. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, согуш башталганда Дональд Трамп Ирандан эч кандай шартсыз багынып берүүнү талап кылган. Бирок соңунда эки тарап өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшкан. Трамп бул чечим дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын алдын алуу үчүн кабыл алынганын айтты.

Маек учурунда журналист андан согуштан кандай сабак алганын жана бийлигинин чеги бар же жок экенин сураган. Буга Трамп: "Чек жок", — деп жооп берген.

Анын айтымында, АКШ Иранды аскердик жактан толук басым алдында кармаган. Ал түзүлгөн меморандумду да дээрлик шартсыз багынуу катары баалады.

Трамп ошондой эле согуш маалында Иранга каршы деңиз блокадасы уюштурулуп, бир дагы кеме өтө албаганын белгиледи.

Президенттин сөзүнө караганда, эгер аскердик аракеттер дагы эки-үч жума уланса, абал өтө кооптуу нукка бурулмак. Андай учурда Ормуз кысыгы жабылып, дүйнөдө мунай тартыштыгы жаралмак.

Трамп мунун кесепети дүйнөлүк экономикалык каатчылыкка алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Эске салсак, АКШ менен Иран меморандумга кол койгондон кийин Ормуз кысыгы кайрадан кемелер үчүн ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: