super.kg logo

“Трамп — силердин жалгыз союздашыңар”: Вэнс Израилге эскертүү берди

 

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Израилдин айрым өкүлдөрүн кескин сынга алып, президент Дональд Трамп учурда Израилдин жалгыз күчтүү союздашы экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Жей Ди Вэнс ушул аптада АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген согушту токтотуу боюнча келишимди коргоп сүйлөгөн. АКШ менен Израилдеги айрым сынчылар бул келишим Ирандын ракеталык жана өзөктүк программасын толук токтото албайт деп эсептешет.

Ак үйдө өткөн маалымат жыйында журналисттер Вэнстен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху келишимге нааразы болгону тууралуу маалымат боюнча сурашкан.

Буга жооп берген Вэнс Нетаньяхудан мындай билдирүү укпаганын айткан. Ошол эле учурда ал Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн Дональд Трампты ачык сындаганы үчүн айыптады.

“Дональд Трамп — азыркы учурда Израилди колдогон дүйнөдөгү жалгыз мамлекет башчысы. Эгер мен Израил өкмөтүнүн мүчөсү болсом, мындай күчтүү союздашка каршы чыкмак эмесмин”, — деди ал.

Ошондой эле Жей Ди Вэнс Израилди коргоп жаткан куралдардын үчтөн экиси АКШда өндүрүлүп, америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: