super.kg logo

Бир күндө жылдызга айланган дарбазачынын апасы уулунун оюнун көрүүгө келди

 

Кабо-Верде улуттук курама командасы менен Уругвай улуттук курама командасынын беттешинде күйөрмандардын көңүлүн бурган өзгөчө окуялардын бири — дарбазачы Возиньянын апасынын стадиондон уулунун оюнун көргөнү болду. Беттеш АКШнын Майами шаарындагы стадионундо өттү.

Буга чейин Возинья апасы Испанияга каршы биринчи турдагы оюнга виза ала албай калганын айткан. Анын айтымында, сапар жана виза чыгымдары өтө кымбат болгон.

Бул маалымат коомчулукка тарагандан кийин тиешелүү органдар визалык төлөмдөрдү өз мойнуна алып, Возиньянын апасы үчүн АКШга сапар уюштуруп беришкен.

Белгилей кетсек, Возинья Испанияга каршы алгачкы оюнда (0:0) мыкты деңгээлде оюн көрсөтүп, жети сейв жасаган. Анын мыкты аракети үчүн ал беттештин мыкты оюнчусу деп табылган.

Ал эми Уругвай менен болгон беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кабо-Верденин курамынан Ленини менен Варела айырмаланса, Уругвай тараптан Араухо Вильчес жана Каноббио гол киргизишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: