super.kg logo

Францияда катуу ысыктан 18 адам каза болду

 

Францияда эки күндүн ичинде катуу ысыктын кесепетинен 18 адам каза болду. Кечээ, 22-июнда өлкөнүн айрым аймактарында күндүз абанын температурасы +40 градустан ашты.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, каза болгондордун арасында эки жана төрт жаштагы эки бала бар. Алар автоунаанын ичинде эсин жоготушкан. Ошондой эле 80 жаштан 95 жашка чейинки үч адам күндүн ысыгы өтүп каза болгон. Дагы 13 адам кооптуу жерлерде сууга түшүп жатып чөгүп кеткен.



Франциянын Бордо аймагында абанын табы +41,9 градуска чейин көтөрүлүп, өткөн жылдын август айында катталган рекорд жаңыланды. Пуатье шаарында температура 41,2 градуска жетип, 1947-жылы белгиленген мурунку рекорддон ашты.

Мындай жагдай Европанын башка өлкөлөрүндө да катталды. Алсак, Испаниянын Сан-Себастьян шаарында абанын температурасы +40 градуска жетти. Reuters Climate Monitor кызматынын маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 22-июнга карата шаардын орточо температурасынан эки эседен ашык жогору.

Улуу Британиянын Met Office кызматы билдиргендей, өлкөнүн айрым аймактарында жуманын аягына чейин абанын температурасы +39дан ашып кетиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: