super.kg logo

Apple’дын жаңы башчысы дизайнерлердин таасирин кайра күчөтүүнү көздөйт

 

Apple компаниясынын келечектеги башкы директору Жон Тернус компаниядагы өнөр жай дизайны боюнча команданын ролун күчөтүп, аны кайрадан негизги чечим кабыл алуучу борборлордун бирине айлантууну пландап жатат.

Маалыматтарга караганда, Стив Жобс жана Жонни Айв иштеген мезгилде дизайнерлер жаңы өнүмдөрдүн концепциясын, форматын жана колдонуучу тажрыйбасын аныктоодо чоң таасирге ээ болушкан.

Бирок Жонни Айв компаниядан кеткенден кийин дизайн бөлүмүнүн салмагы азайып, негизги чечимдер көбүрөөк операциялык жана каржылык бөлүмдөр тарабынан кабыл алына баштаган. Адистердин пикиринде, акыркы жылдары Apple түзмөктөрүнүн дизайнында чоң өзгөрүүлөрдүн сейрек болушу да ушул жагдай менен байланыштуу.

Жон Тернус 2026-жылдын сентябрында кызматка киришкенден кийин дизайн багыты боюнча жаңы жетекчи дайындап, ага кеңири ыйгарым укуктарды берүүнү көздөп жатат. Жаңы жетекчи компаниянын стратегиялык чечимдерине түздөн-түз катышып, инновациялык өнүмдөрдү жаратууга жооптуу болот.

Эске салсак, апрель айында Тим Кук башкы директорлук кызматтан кетери белгилүү болуп, анын ордуна 1-сентябрдан тарта Жон Тернус дайындалары жарыяланган. Ал эми Apple компаниясында дизайнерлердин ролун күчөтүү келечектеги жаңы технологиялык чечимдерге жол ачары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: