Трамп Ливандагы кырдаал боюнча пикирин билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ливандагы кырдаал боюнча пикирин билдирди.
Америка лидери Ливанда көп жылдарга созулган кагылышуулардан кийин ок атышууну токтотуу режими сакталарына ишеним артат.
"Алар бири-бири менен көптөгөн жылдар, атүгүл ондогон жылдар бою согушуп келишти",- деген Трамп журналисттердин Ливандагы элдешүү режими сакталарына канчалык ишенери тууралуу суроосуна жооп берип жатып.
Буга чейин шейшемби күнү Ливандын президенти Жозеф Аундун кеңсеси Ливан, АКШ жана Иран Ливанда ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөөчү механизмди түзүүгө даярдык көрүп жатканын билдирген. Ушул эле күнү Вашингтондо Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы башталды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Ливан жана Израил делегацияларынын жолугушуулары 23-25-июнь күндөрү Вашингтондо өтөрүн мурда маалымдаган.
Буга чейин Reuters агенттиги Израил менен "Хезболла" кыймылы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин жана ал 19-июнда саат 16:00дө күчүнө кириши керектигин билдирген. Бирок ошол эле күнү ливандык аскердик булак РИА Новостиге Израилдин авиациясы Ливандын түштүгүнө сокку урууну улантып жатканын айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















