super.kg logo

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

 

2026-жылдын 18-июнунда DemirBank Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility – RSF) алкагында Өзбекстандын «Ozone Fitness» ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду.

Тартылган каржылоо каражаттары Ташкент шаарындагы «Ozone Fitness» ЖЧК фитнес борборлор тармагынын жаңы объекттерин курууга жана иштеп жаткан борборлорун модернизациялоого багытталат. Компания Өзбекстандагы фитнес-индустриянын ири операторлорунун бири болуп саналат жана рыноктогу ишмердүүлүгүн активдүү кеңейтүүдө.

Бул долбоор RSF программасынын алкагында ишке ашырылган биринчи эл аралык каржылоо болду. Анын алкагында Кыргызстандын коммерциялык банкы Өзбекстандагы чакан жана орто бизнес субъектине каржылоо берүүдө. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана экономикалык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, долбоордун ишке ашырылышы аймактагы финансылык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүп жатканын көрсөтүп, улуттук чек аралардан тышкары бизнести колдоонун жаңы механизмдерин ачат.

Каржылоо Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility) алкагында жүзөгө ашырылды. Аталган программа чакан жана орто бизнес ишканаларынын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана ЕРӨБ иш алып барган өлкөлөрдө экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган.
Бул келишимдин ишке ашырылышы DemirBankтын инновациялык жана ишенимдүү финансылык институт катары макамын дагы бир жолу тастыктап, анын салттуу жергиликтүү чечимдердин чегинен чыгып, эл аралык каржылоодо жаңы багыттарды түзүүгө жана Борбор Азия боюнча келечектүү бизнести активдүү колдоого даяр экенин көрсөтөт.

Кол коюу аземи Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өттү. Ага төмөнкү жетекчилер катышты:
Одиль Рено-Бассо айым – ЕРӨБдүн Президенти
Хусейн Өзхан мырза – ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору
Алмаз Тойгонбаев мырза – ЕРӨБдүн Өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр сектору боюнча Регионалдык директору
Шевки Л. Сарылар мырза – DemirBankтын Башкы жетекчиси
Садам Матчанов мырза – «Ozone Fitness» ЖЧКсынын Башкы директору
Акмалбек Икрамов мырза – DemirBankтын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: