АКШлык адистер Венесуэлада жаңы күчтүү жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертишти
Венесуэлада катталган күчтүү жер титирөөлөрдөн кийин кайталанган жер силкинүүлөр (афтершоктор) дагы олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу "РИА Новостиге" АКШнын Геологиялык кызматынын жер титирөө коркунучтары боюнча программасынын координаторунун жардамчысы Уильям Барнхарт билдирген.
Маалыматка ылайык, Венесуэлада эки ирет күчтүү жер титирөө катталган. АКШнын Геологиялык кызматы биринчи силкинүүнүн күчүн 7,2 балл, экинчисин 7,5 балл деп баалаган. Андан кийин дагы 30дан ашуун кайталанган жер титирөө болгон.
Өлкө бийлигинин маалыматына караганда, кырсыктан кеминде 164 адам каза болуп, 971 адам жаракат алган. Көптөгөн турак жайлар кыйрап, ооруканалар жана инфраструктуралык объектилер жабыркаган. Ошондой эле өлкөнүн башкы аэропорту убактылуу жабылган.
Уильям Барнхарттын айтымында, айрым афтершоктор дагы күчтүү болуп, жердин катуу силкинүүсүнө жана кошумча кыйроолорго алып келиши мүмкүн. Ошондуктан адистер калкты сак болууга чакырууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















