Япониядагы тайфун миллиондогон адамдарды эвакуациялоого алып келди
Японияда нөшөрлүү жаан-чачын жана тайфундун кесепетинен 2,23 миллиондон ашуун адам коопсуз жайларга эвакуацияланганын чет элдик басылмалар жазышууда.Маалым болгондой, табигый кырсык өлкөнүн 13 префектурасын камтып, өзгөчө Кюсю, Окинава жана Кинки аймактарына таасирин тийгизүүдө. Кагосима районунда үч адам жабыркап, Фукуока жана Кагосимада 25 имаратты суу каптаганы маалымдалды.
Мындан тышкары, өлкөнүн айрым аймактарында жер көчкү коркунучунун жогорку деңгээли жарыяланып, тургундарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталды.
Синоптиктер №7 тайфун түндүк-чыгышты көздөй жылып баратса, өлкөнүн түштүгүндө дагы бир №8 тайфун катталганын белгилешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















