super.kg logo

Өзбекстан өспүрүмдөр үчүн соцтармактарга чектөө киргизиши мүмкүн

 

Өзбекстан 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна чектөө киргизиши мүмкүн. Учурда тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу "Газети.uz" басылмасы жазды.

Өлкөнүн билим берүү министри Эъзозхон Каримованын айтымында, бул маселе учурда активдүү каралууда. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга чыгаруу пландалууда.


«Биз дагы азыр бул маселени карап жатабыз. Бул тууралуу депутаттарыбыз жана сенаторлорубуз менен сүйлөштүк. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарууну каалап жатабыз. Менимче, мындай тартип бизде да болушу керек», — деген министр.

Ал балдарды телефондон толугу менен ажыратуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, эң башкысы аларды туура пайдалануу маданиятын жана эрежелерин калыптандыруу зарыл экенин белгиледи.

Эске салсак, өспүрүмдөр үчүн соцтармакты чектөө буга чейин Австралия, Индонезия жана Бразилия өлкөлөрүндө кабыл алынган. Ал эми Испания, Франция жана Улуу Британия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө азыркы учурда каралып жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: