super.kg logo

Орусияда күйүүчү май тартыштыгы күчөгөнү айтылууда

 

Орусияда бензин өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга азайып, учурда суткасына болжол менен 85 миң тонна күйүүчү май өндүрүлүүдө. Ал эми ички суроо-талап күнүнө 110 миң тоннаны түзүп, тартыштык 20 пайызга жеткенин жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, анын негизги себеби катары мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрондук чабуулдар көрсөтүлүүдө. Июнь айында Москва, Нижнекамск, Тюмень жана Волгограддагы заводдор жабыркаса, май айында дагы 16 ишканага сокку урулган.

Москвадагы жалгыз мунай иштетүүчү завод эки жолу чабуулга кабылып, толугу менен ишин токтотконун Reuters агенттигинин маалымдап, аны калыбына келтирүү кеминде алты айдан бир жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Күйүүчү май тартыштыгы Орусиянын айрым аймактарына да таасирин тийгизди. Ханты-Манси автономиялуу округунда бир адамга 40 литр күйүүчү май жана 80 литр дизелден ашык сатууга чектөө киргизилсе, Крымдагы айрым жерлерде күйүүчү май сатуу токтотулган. Приморье аймагында күйүүчү майдын баасы литрине 130 рублга чейин жеткени маалымдалууда.

Адистердин баамында, бул абал инфляциянын өсүшүнө, жүк ташуу чыгымдарынын кымбатташына жана ички рынокто иштеген компаниялардын кирешесинин азайышына алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: