super.kg logo

Монакодо көп кабаттуу үйдө жардыруу болуп, 3 адам жабыркады (видео)

 

Монакодогу көп кабаттуу турак жайлардын биринде жардыруу болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча кечээ, 29-июнда саат 21:00дөр чамасында катталып, белгисиз адам рюкзак таштап кеткенден кийин болгон. Окуя болгон жерде полиция жана өзгөчө кырдаал кызматкерлери иштеп жатышат. Шектүү адам изделүүдө, шаардан чыгуучу жолдор убактылуу жабылды.

Өлкөнүн өкмөт башчысы Кристоф Мирмандын айтымында, жардыруучу түзүлүш болттор жана майда темир октор менен толтурулган болушу мүмкүн. Ал мындай окуя Монаконун тарыхында биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

Айрым басылмалардын маалыматына ылайык, жабыркагандар Украинанын жарандары болгон бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Тагыраагы, 50-60 жаштагы жубайлар жана алардын 13 жаштагы уулу. Алардын баары ооруканага жеткирилди.






Монакодо көп кабаттуу үйдө жардыруу болуп, 3 адам жабыркады 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: