Германиядагы энелерге жана балдарга жардам берүү борборундагы атышуудан 6 адам каза болду

Германиянын түндүгүндөгү Төмөнкү Саксония федералдык жерине караштуу Штаде шаарындагы энелерге жана балдарга жардам берүү борборунда болгон атышуудан 6 адам каза болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, шектүү кармалып, учурда калк үчүн коркунуч жок.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, кол салууну 45 жаштагы эркек жасаган. Ал трагедия болгон күнү үч айлык кызынын камкордугу боюнча маселени талкуулоо үчүн аталган борборго келген.
Жолугушуудан кийин ал борбордун кызматкерлерине ок чыгарган. Каза болгондордун баары мекеменин кызматкерлери болгон — төрт аял жана эки эркек. Алардын бешөө окуя болгон жерде көз жумса, дагы бири ооруканада каза болгон.
Камкордук талашына себеп болгон наристе жана анын апасы жабыркаган эмес.
Полиция шектүү менен кошо анын жанында жүргөн аялды дагы кармады. Мындан тышкары, окуяга тиешеси болушу мүмкүн болгон дагы бир адам кармалып, анын ролу такталууда.
Полиция өкүлдөрү окуяда саясий себептер, терроризм же жек көрүү мотивдери байкалбаганын билдиришти. Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча, бул окуя жеке жаңжалдан улам чыккан “үй-бүлөлүк трагедия” катары каралууда.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуяга терең кайгыруу менен мамиле кылып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Штаде шаарындагы бул борбор оор турмуштук кырдаалга кабылган кош бойлуу аялдарга жана жаш балалуу энелерге убактылуу башпаанек берип келет. Окуядан кийин полиция аймакты курчоого алып, криминалисттер териштирүүнү улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















