Венесуэлада жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө
Венесуэладагы катуу жер титирөөдөн 5 күн өткөндөн кийин каза болгондордун саны 1719 адамга жетти, дагы 5034 адам жаракат алып, жалпысынан 22 миңден ашуун тургун жабыркаганы маалымдалды.
Эң оор абал өлкөнүн Ла-Гуайра штатында катталган. Расмий маалыматка ылайык, 2500дөн ашык имарат жабыркап, анын 189у толугу менен кыйраган. Ошондой эле негизги жер титирөөдөн кийин 609 жолу кайталанма силкинүү болгон.
Жабыркагандар үчүн Ла-Гуайра штатында 15 ири убактылуу баш калкалоочу жай, ал эми өлкөнүн башка аймактарында дагы 50гө жакын жай ачылды. Бийлик эң көп жабыркаган аймакта электр энергиясынын 90 пайызы калыбына келтирилгенин билдирип, миңдеген үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















