Венесуэладагы жер титирөөдөн келтирилген чыгым 6,7 миллиард долларга бааланды
Венесуэлада 24-июнда болгон күчтүү жер титирөөлөрдөн улам келген түз экономикалык чыгым 6,7 миллиард долларга бааланды. Бул тууралуу Бириккен
Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын алдын ала маалыматына таянып, уюмдун жаңылыктар кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул сумма өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн болжол менен 6 пайызына барабар.
Баалоо спутниктен алынган маалыматтар жана сейсмикалык моделдөө аркылуу жүргүзүлгөн ыкчам талдоо системасынын негизинде жасалган. Ошол эле учурда адистер табигый кырсыктын эң оор кесепети адамдардын жана жабыркаган жамааттардын жоготуулары экенин белгилешти.
Эске салсак, 24-июнда өлкөнүн түндүк жээгинде күчү 7,2 жана 7,5 магнитудага жеткен эки ирет жер титирөө катталган. Жер силкинүүсү калк жыш жайгашкан жана экономикалык жактан маанилүү аймактарда, анын ичинде борбор калаа Каракаста да катуу сезилген.
Адистердин баамында, табигый кырсыктын таасир аймагында 1,7 миллионго жакын имарат болгон. Жалпысынан 8,6 миллион адам орточо деңгээлден жогору силкинүүнү сезсе, 2,1 миллион адам катуу жер титирөөнүн таасирине кабылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1700дөн ашты. Дагы 5034 адам ар кандай жаракат алды.
Мындан тышкары, кырсыктан кийин 680 миң бала гуманитардык жардамга муктаж болуп жатканы айтылды.
Адистердин айтымында, турак жайлардын жана чарбалык объектилердин кыйрашы негизги чыгымды түзүүдө. Ошондой эле инфраструктураны калыбына келтирүү, узак мөөнөттүү экономикалык жоготуулар жана кайра куруу чыгымдары бул эсепке киргизиле элек.
Эксперттер жалпы экономикалык чыгым түз чыгымдан 1,5-3 эсе көп болушу мүмкүн экенин белгилеп, акыркы көрсөткүчтөр куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы такталарын билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















