super.kg logo

Конгодогу эбола эпидемиясы Африкага миллиондогон чыгым алып келиши мүмкүн

 

БУУнун Өнүктүрүү программасы (UNDP) билдиргендей, Конго Демократиялык Республикасындагы эбола эпидемиясы күчөп кетсе, Африка өлкөлөрүнүн экономикасына 3,6 миллиард долларга чейин чыгым алып келиши ыктымал. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Уюмдун маалыматына ылайык, эпидемиянын кесепетинен дагы 985 миңге жакын адам жакырчылыктын чегине түшүшү мүмкүн. Ошондой эле он миңдеген жумуш орундарын жоготуу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы үзгүлтүктөр сыяктуу олуттуу социалдык-экономикалык көйгөйлөр жаралышы күтүлүүдө.

БУУ белгилегендей, эбола вирусунун жайылышы Уганда, Руанда жана Түштүк Судан сыяктуу коңшу өлкөлөргө да терс таасирин тийгизүүдө. Карантиндик чаралар оорунун жайылышын чектөөгө жардам бергени менен, айрым соода жана кыймылга киргизилген чектөөлөр жергиликтүү экономикага жана калктын киреше булактарына кошумча басым жасап жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: