Ооганстан Пакистанга абадан сокку урду
Ооганстан Пакистанда бир катар соккуларды жасаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Талибан өкмөтү өлкөнүн аба күчтөрү "Ислам мамлекетинин" биргелешкен борборуна жана Белужистан провинциясындагы диверсиялык ишмердүүлүктүн элементтерине абадан сокку урганын жарыялаган.
Исламабад өз кезегинде Ооганстандан учурулган төрт дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Пакистан чек арадагы провокациялар улана берсе, жооп кайтарарын белгилейт.
Айта кетсек, Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу июнь айынын аягында күчөдү. Эки тарап абадан сокку уруп, жайкын тургундардын арасында курмандыктар болгону кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















