super.kg logo

Орусиялык ырчы Стас Михайлов Караколдогу Ыйык Троицк чиркөөсүнө барды (видео)

 

Орусиянын Эл артисти Стас Михайлов Каракол шаарына болгон сапарынын алкагында Кыргызстандагы эң эски православдык храмдардын бири саналган Ыйык Троицк чиркөөсүнө барды. XIX кылымдын аягында курулган бул храм архитектуралык эстелик болуп эсептелет. Анда Тихвин кудай энесинин иконасынын көчүрмөсү сакталат.

Чиркөөнүн башчысы Алексей белгилүү ырчыга храмдын тарыхы тууралуу айтып берип, анын жер титирөөдөн кийин сакталып калганы, совет мезгилинде жабылып, кийин кайра жанданганы тууралуу маалымат берди.

Стас Михайлов храмдын ички жасалгасы менен таанышып, шам жагып, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июлда кечинде ырчы Каракол шаарынын күнүнө арналган майрамдык концерттин башкы коногу болот. Ал "Город 312" тобу менен бирге Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта концерт берет. Иш-чара саат 18:00дө башталып, бардык каалоочулар үчүн акысыз болот.






Орусиянын эл артисти Стас Михайлов Караколдогу Ыйык-Троицк чиркөөсүнө барды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: