Орусия бензин тартыштыгын жоюу үчүн Индиядан күйүүчү май сатып ала баштаганы айтылууда
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия өлкөдөгү күйүүчү май тартыштыгын жеңилдетүү максатында Индиядан бензин импорттой баштады.
Маалыматка караганда, Индиядан деңиз жолу аркылуу кеминде 60 миң тонна бензин жөнөтүлдү. Ошондой эле жакынкы мезгилде Орусия ай сайын ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Беларустан, болжол менен 400 миң тонна бензин импорттоону пландап жатат.
Басылма жай мезгилинде Орусияда бензинге болгон суткалык суроо-талап 110 миң тоннадан аша тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда Индия Орусиянын мунайынын эң ири сатып алуучуларынын бири бойдон калууда. Июнь айында Индиянын Орусиядан мунай импорту рекорддук деңгээлге жетип, суткасына 2,7 миллион баррелди түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















