Бишкек-Ош унаа жолундагы жаңы тоннелдин курулушу башталды (сүрөт)
Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымдарында жаңы тоннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Айтымында, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү тоннель курулат.
Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар жана 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотуу каралган.

Бүгүнкү күндө тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90 пайызга аяктады. Тоннель курулушу үчүн бетон өндүрүш заводунун монтаждоо иштери соңуна чыкты. Инженер-консультанттар үчүн кеңсе менен лабораториянын курулушу аяктоодо.
Тоннелдин курулушуна керектүүчү материалдар Япониядан кезек-кезеги менен Кыргызстанга келип жатат. Долбоорду 2028-жылы бүтүрүү мерчемделген.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















