super.kg logo

Бишкекте бир күндө 720 миңден ашуун жүргүнчү накталай эмес төлөм жүргүзгөн

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кирени накталай эмес төлөө тутумуна өтүүгө байланыштуу коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Эми биздин жалпы милдетибиз - жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системин толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү",- деп белгиледи мэр.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тартып Бишкек шаарында жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана "Элкарт" банктык карталары жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу гана төлөй алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: