super.kg logo

ЖОЖдорго кабыл алуудагы босоголук балл белгилүү болду

 
Илим министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын бекитти.
Сынакка босого балл же андан жогору упай топтогон абитуриенттер гана катыша алышат.
Жогорку кесиптик билим берүү:
Көпчүлүк даярдоо багыттары боюнча негизги тесттин босого баллы 110 балл болуп белгиленди.
Айрым багыттар үчүн өзүнчө босого балл каралган:
  • Педагогикалык багыттар – гранттык орундар үчүн 130 балл, контракттык окуу үчүн 115 балл;
  • Саламаттык сактоо багыттары – гранттык орундар үчүн 120 балл, контракттык окуу үчүн 110 балл;
  • Айыл чарба багыттары – 100 балл;
  • Аскердик билим берүү багыттары – 90 балл.
Предметтик тесттер боюнча (англис тили, химия, биология, физика, тарых, математика, кыргыз тили жана орус тили) минималдуу босого балл 60 баллды түзөт.
Орто кесиптик билим берүү (колледждер):
Көпчүлүк адистиктер боюнча негизги тесттин босого баллы 90 балл болуп белгиленди.
Айрым адистиктер үчүн төмөнкү талаптар каралган:
  • Педагогикалык адистиктер – гранттык орундар үчүн 95 балл, контракттык окуу үчүн 90 балл;
  • Саламаттык сактоо тармагындагы адистиктер – гранттык орундар үчүн 95 балл, контракттык окуу үчүн 90 балл;
  • Айыл чарба адистиктери – 80 балл.
Предметтик тесттер боюнча минималдуу босого балл 40 баллды түзөт.
Мындан тышкары, I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар (медициналык жана фармацевтикалык багыттардан тышкары) үчүн өзүнчө босого балл белгиленген. Алар үчүн ЖОЖго тапшырууда босого балл 90 баллды, ал эми колледждерге тапшырууда 70 баллды түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: