Ошто Увам каналынын жээгине жаңы сквер курулат
Ош шаарын аралап өткөн Увам каналынын жээгине жаңы заманбап сквер курулат. Долбоор менен Ош шаарынын мэри Жанар Акаев таанышып чыкканын шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы эс алуу аймагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде ишке ашырылат. Ал суу корук аймагындагы турак жайлардын ордуна курулуп, шаар тургундары үчүн коопсуз жана көрктөндүрүлгөн эс алуу жайына айланары айтылды.
Долбоордун алкагында жөө адамдар үчүн сейилдөө жолдору, жашыл тилкелер, отургучтар, жарыктандыруу системи жана башка эс алуу инфраструктурасы түзүлөт.
Мэр Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн саны өсүп жатканын белгилеп, ушул себептен жаңы парктарды жана скверлерди көбөйтүү шаар бийлигинин негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















