Бишкекте Дөө Чыңгызга тиешелүү делген курал-жарактар табылды
Бишкек шаарында Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл, маркум Чыңгыз Жумагуловго тиешелүү делген курал-жарактар табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда спорттук баштыктан тапанчага окшош куралдар, ок-дарылар, гранаталар, ок атуучу куралдын бир бөлүгү, беткап жана аскердик камуфляж кийимдерин таап чыгышты.
Шектүү катары кармалган 1983-жылы туулган Р.К. аттуу жарандын айтымында, бул баштыкты ага болжол менен төрт жыл мурда Дөө Чыңгыз убактылуу сактап турууну өтүнүп берген. Кийин анын ичинде курал бар экенин көргөндөн кийин баштыкты токой тилкесине көмүп койгонун билдирген.
Учурда табылган курал-жарактар экспертизага жөнөтүлүп, кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















