Ташиевдин жакындары: Чуулуу "Кыргызнефтегазда" бир жылда канча каражат жоголгон?
Эсептөө палатасы "Кыргызнефтегаз" ишканасында каржылык мыйзам бузуу болгонун билдирди.
Маалымдалгандай, ишкананын былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүүдө каржылык кемчиликтердин суммасы 967 миллион 824,3 миң сомду түзгөн. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө анын болгону 8 миллион 904,9 миң сому гана иш жүзүндө калыбына келтирилген.
Эске салсак, Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасынын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.
18-мартта "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип 4 адам камакка алынышкан. Алардын арасында Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков да бар болчу. Ал 2-апрелде үй камагына чыгарылган. Ал эми аталган иш бонча апрель айында кармалган Ташиевдин иниси, экс-депутат Шайырбек Ташиев камакта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















